353-берене. Кылмыш-жаза процессинин катышуучуларына карата коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›43-глава. Сот бийлигине каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 353-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
Маалыматтар кызматтык ишине байланыштуу ишенип берилген же белгилүү болгон адам тарабынан жасалган, этиятсыздыктан оор залал келтирген сот адилеттигин жүргүзүүгө катышкан судьяга же сот адилеттигин аткарган башка жакка, соттук аткаруучуга, жеке соттук аткаруучуга, жабырлануучуга, күбөгө, же кылмыш-жаза процессинин башка катышуучуларына карата, ага тете жубайына, кимиси болбосун жакын туугандарына карата колдонулуучу коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу, -
эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)