352-берене. Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›43-глава. Сот бийлигине каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 352-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Судья (сот) билип туруп сот адилеттигине жатпаган өкүмдү, чечимди же башка соттук актыны чыгарышы, -
эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Оор залал келтирген адамды камакка алуу жөнүндө сот адилеттигине жатпаган чечимди же эркиндигинен ажыратууга өкүмдү билип туруп чыгаруу, -
эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.