312-берене. Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ. КООМДУК КООПСУЗДУККА ЖАНА КООМДУК ТАРТИПКЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›39-глава. Транспорттун жана магистралдык түтүк өткөрмөлөрүнүн кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздугуна каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Транспорт каражатын башкарган адам тарабынан транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун этиятсыздыктан ден соолугуна анча оор эмес залал келтирген коопсуздук эрежелерин бузуу –

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 800дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген ошол эле жосун – 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Этиятсыздыктан ден соолугуна өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосун – алты жылдан тогуз жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрдө каралган, алкоголду, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун же башка мас кылуучу заттарды колдонуудан улам мас абалында жасалган жосундар –

алты жылдан тогуз жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

5. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган, алкоголду, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун же башка мас кылуучу заттарды колдонуудан улам мас абалында жасалган жосундар –

тогуз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул Кодекстин 211, 312 − 316-беренелеринде транспорт каражаттары деп аларды башкарууга жол кыймылы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык транспорт каражаттарын башкаруу укугу берилген транспорт каражаттарынын бардык түрлөрү түшүнүлөт.»

(КР 2025-жылдын 14-мартындагы № 56 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)