312-1-берене. Укук бузгандыгы үчүн мурда жаза чарасы колдонулган, мас абалындагы адамдын транспорт каражатын башкаруусу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ. КООМДУК КООПСУЗДУККА ЖАНА КООМДУК ТАРТИПКЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›39-глава. Транспорттун жана магистралдык түтүк өткөрмөлөрүнүн кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздугуна каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-1-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 193-беренесинин 1, 2 жана 4-бөлүктөрүндө каралган укук бузуулар үчүн мурда жаза чарасына тартылган адам жаза чарасын аткаруу аяктаган күндөн тартып бир жылдын ичинде алкоголду, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун же болбосо башка маң кылуучу заттарды колдонуудан улам мас абалында транспорт каражатын башкаруусу −белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен 1000ден 1500 эсептик көрсөткүчкѳ чейин айып пул салууга же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.».