294-берене. Дары каражаттарын, медициналык буюмдарды, тамак-аш кошулмаларын мыйзамсыз өндүрүү, даярдоо жана/же сатуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VIII БӨЛҮМ. КООМДУК КООПСУЗДУККА ЖАНА КООМДУК ТАРТИПКЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›37-глава. Калктын саламаттыгына каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 294-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген дары каражаттарын, медициналык буюмдарды, дарылоо-косметикалык буюмдарды, дарылоо-алдын алуу тамак-аш азыктарын же тамак-аш кошулмаларын мыйзамсыз өндүрүү, даярдоо жана/же сатуу, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же конфискациялоо менен же анысы жок үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосундар, -
конфискациялоо менен же анысы жок беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосундар, -
конфискациялоо менен же анысы жок беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Кылмыштын түздөн-түз предмети болуп саналган дары каражаттары жана медициналык буюмдар, дарылоо-косметикалык буюмдар, дарылоо-алдын алуу тамак-аш азыктары же тамак-аш кошулмалары мыйзамсыз иш-аракеттерди жүзөгө ашыргандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган субъекттердин эсебинен конфискацияланууга жана жок кылынууга тийиш.
(КР 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)