293-берене. Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамдуу жүгүртүү эрежелерин бузуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ. КООМДУК КООПСУЗДУККА ЖАНА КООМДУК ТАРТИПКЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›37-глава. Калктын саламаттыгына каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды өндүрүүнүн, сатып алуунун, сактоонун, эсепке алуунун, берүүнүн, ташуунун же жөнөтүүнүн эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан бузуу, эгерде бул алардын уурдалышына, же болбосо башка олуттуу залалга алып келсе, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.