160-берене. Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›24-глава. Инсандын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо, же болбосо ыплас аракеттерге ортомчулук, же болбосо сутенердук кылуу -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон, 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле кылмыш балдарды пайдалануу менен жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2022-жылдын 9-августундагы № 89, 2024-жылдын 29-июлундагы № 153 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)