160-1-берене. Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›24-глава. Инсандын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-1-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Акчалай пайда же башка материалдык компенсацияларды алуу максатында адамдын сексуалдык каалоолорун же фантазияларын канааттандырууга багытталган, анын ичинде көрүүчү жана оозеки интимдик мамилелерди камтыган сойкулукту жана ыпластыкты атайын платформанын (вебкам-студиянын) жардамы менен түз эфирде (онлайн) интернет аркылуу уюштуруу жана ага көмөктөшүү -
1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ошол эле жосундар төмөнкүлөр тарабынан жасалса:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -
мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон, беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган ошол эле жосундар -
мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган балдарды пайдалануу менен жасалган жосундар, -
мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
Эскертүү. Вебкам-студия деп адамдын акчалай пайда алуу же башка материалдык пайда өндүрүү (вебкам-бизнес) максатында, бул үчүн атайын уюштурулган жана жабдылган жайларда атайын платформанын жардамы менен интернет аркылуу түз эфирде сексуалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана сексуалдык мүнөздөгү башка ыплас аракеттерди жасоону уюштуруусун түшүнүү керек.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)