148-берене. Өлгөн адамдын ткандарын же органдарын мыйзамсыз алып коюу
23.06.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›22-глава. Инсанды медициналык жана фармацевттик тейлөө чөйрөсүндөгү кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 148-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
Медициналык кызматкер тарабынан медицинада пайдалануу максатында өлгөн адамдын ткандарын же органдарын мыйзамсыз алып коюу, -
кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.