147-берене. Адамга сыноону мыйзамсыз жүргүзүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›22-глава. Инсанды медициналык жана фармацевттик тейлөө чөйрөсүндөгү кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 147-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Адамга (анын мыйзамдуу өкүлүнүн) жазуу жүзүндөгү макулдугусуз же башка мыйзамсыз түрдө дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды клиникалык изилдөөнү (сыноону) өткөрүү, ошого тете адамга медициналык-биологиялык, психологиялык же башка сыноолорду, же болбосо изилдөөлөрдү жүргүзүү этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, -
эки жылга чейин эркиндигинен ажыратуу же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 500дөн 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.
2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген же балага карата же аракетке жөндөмсүз же күнөөлүү билип туруп алсыз абалдагы адамга карата жасалган ошол эле жосун, -
беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(КР 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)