140-берене. Трансплантациялоо үчүн адамдын органдарын же ткандарын алууга мажбурлоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›21-глава. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 140-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Ушул Кодекстин 130 жана 131-беренелеринде каралган кесепеттери жок болгон, адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу эмес зомбулукту колдонуу менен, же болбосо аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо алдоо жолу менен адамды өзүнөн же анын жакындарынан органдарын же ткандарын трансплантациялоо үчүн алууга мажбурлоо, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Күнөөлүүдөн материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата жасалган ошол эле жосун, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.