139-берене. Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›20-глава. Ден соолукка каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу, эгерде аны жүзөгө ашыруудан коркуу үчүн жетиштүү негиз болсо, -
кырк сааттан жүз саатка чейин коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) адамдын кызматтык, кесиптик ишин же коомдук милдетин аткаруусуна байланыштуу ошол адамга же анын жакындарына карата;
2) уюшкан топ тарабынан;
3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.