12-берене. Кылмыш-жаза мыйзамын өткөн убакытка карата кайра колдонулушу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА МЫЙЗАМЫ›2-глава. Кылмыш-жаза мыйзамынын колдонуу чеги

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 12-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Жосундун кылмыштуулугун жокко чыгаруучу же кылмыштуу жосундун кылмыш-жаза-укуктук кесепеттерин жеңилдетүүчү мыйзам өткөн убакытка карата колдонулат, башкача айтканда тиешелүү жосунду мындай мыйзам күчүнө киргенге чейин жасаган адамдарга, анын ичинде жаза өтөп жаткан же аны өтөгөн адамдарга жайылтылат.

2. Жосундун кылмыштуулугун белгилөөчү же кылмыштуу жосундун кылмыш-жаза-укуктук кесепеттерин күчөтүүчү мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

3. Жосундун кылмыш-жаза-укуктук натыйжаларын жарым-жартылай жеңилдетүүчү жана жарым-жартылай оордотуучу мыйзам убакыт жагынан ушул натыйжаны жеңилдеткен бөлүгүндө гана колдонулат.

4. Эгерде кылмыш жасалган мезгилден тартып өкүм чыгарган мезгилге чейин кылмыш-жаза мыйзамы бир нече жолу өзгөрүлсө, анда алда канча жеңил мыйзам колдонулат.

5. Тарбиялык жана медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар сотто ишти карап жаткан убакытта колдонулуп жаткан мыйзамдын негизинде гана колдонулат.