11-берене. Кылмыш-жаза мыйзамынын убакытта колдонулушу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА МЫЙЗАМЫ›2-глава. Кылмыш-жаза мыйзамынын колдонуу чеги

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 11-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Жосундун кылмыштуулугу жана жазаланышы ошол аракет жасалган убакытта колдонулган мыйзам менен аныкталат.

2. Жасалган кылмыштын убакыты деп мыйзамда каралган аракетти же аракетсиздикти адам жасаган убакыт эсептелет.