112-берене. Жаза өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
V БӨЛҮМ. АДАМДАРДЫН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫНА КАРАТА КЫЛМЫШ-ЖАЗА-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ›17-глава. Балдардын кылмыш-жаза жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 112-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Он сегиз жашка чейинки куракта жасаган кылмышы үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга ушул Кодекстин 88-беренесинин 2, 4-бөлүктөрүндө жана 90-беренесинде каралган шарттарда жана тартипте жаза өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулушу мүмкүн.
2. Жаза өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы бала иш жүзүндө төмөнкүлөрдү өтөгөндөн кийин колдонулат:
1) анча оор эмес кылмыш үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн бирин;
2) оор кылмыш үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде үчтөн бирин;
3) өзгөчө оор кылмыш үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде жарымын.