111-берене. Эскирүү мөөнөттөрү өткөндүгүнө байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жаза өтөөдөн бошотуу
23.06.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
V БӨЛҮМ. АДАМДАРДЫН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫНА КАРАТА КЫЛМЫШ-ЖАЗА-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ›17-глава. Балдардын кылмыш-жаза жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
Ушул Кодекстин 58 жана 92-беренелеринде каралган эскирүү мөөнөттөрү он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балдарды кылмыш-жаза жоопкерчилигинен же жаза өтөөдөн бошотууда жарымына кыскартылат.