107-берене. Түзөтүү жумуштары
23.06.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
V БӨЛҮМ. АДАМДАРДЫН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫНА КАРАТА КЫЛМЫШ-ЖАЗА-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ›17-глава. Балдардын кылмыш-жаза жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 107-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Түзөтүү жумуштары он алты жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы ишке орношкон балдарга иштеген жеринде бир айдан бир жылга чейин дайындалат.
2. Түзөтүү жумуштарына соттолгон баланын эмгек акысынан, соттун өкүмүндө 5тен 10 пайызга чейинки чектерде белгиленген өлчөмдө мамлекеттин кирешесине чегерүү жүргүзүлөт.