106-берене. Балага дайындалуучу эркиндигин чектөө
23.06.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
V БӨЛҮМ. АДАМДАРДЫН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫНА КАРАТА КЫЛМЫШ-ЖАЗА-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ›17-глава. Балдардын кылмыш-жаза жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 106-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
Коркунучтуулугу аз же анча чоң эмес кылмыш жасаган он төрт жаштан он алты жашка чейинки балдарга эки айдан алты айга чейинки мөөнөткө, он алты жаштан он сегиз жашка чейинки курактагыларга - алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөө дайындалат.