94-статья. Жубайлардын өз ара каралашуусу боюнча милдеттенмелери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
V БӨЛҮМ ҮЙБҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮНҮН АЛИМЕНТТИК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ›15-Глава Жубайлардын жана мурдагы жубайлардын алименттик милдеттенмелери
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 94-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.
1. Жубайлар бири-бирин материалдык жактан колдоого милдеттүү.
2. Мындай колдоо көрсөтүүдөн баш тарткан жана алимент төлөө жөнүндө жубайлардын ортосунда макулдашуу жок болгон учурда бул үчүн тиешелүү каражаты бар башка жубайынан сот тартибинде алимент талап кылуу укугуна төмөндөгүлөр ээ:
эмгекке жөндөмсүз жардамга муктаж болгон жубайы;
кош бойлуу кезинде аялы;
ортодогу бала төрөлгөн күндөн тартып үч жыл бою аны багууну жүзөгө ашырган жубайы;
ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү ортодогу баланы ал он сегиз жашка чыкканга чейин багып-караган же бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп саналуучу ортодогу баланы багып-караган, жардамга муктаж жубайы.
(КР 2012-жылдын 17-майындагы № 54, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)