54-статья. Баланын ата-энесин туулгандыгын жазуу китебине жазып коюу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

IV БӨЛҮМ АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ›11-Глава Балдардын тегин аныктоо

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 54-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.

1. Өзара никеде турган ата-эне алардын биринин берген арызы боюнча туулгандыгын жазуу китебине баланын ата-энеси катары жазылышат.

2. Эгерде ата-эне өзара никеде турбаса, баланын энеси тууралу жазуу эненин берген арызы боюнча жүргүзүлөт, ал эми баланын атасы тууралу жазуу - баланын ата-энесинин биргелешип жазган арызы боюнча, же баланын атасынын арызы боюнча (ушул Кодекстин 51-статьясынын 4-пункту) жүргүзүлөт, же атасы соттун чечимине ылайык жазылат.

3. Бала никеде турбаган энеден төрөлсө, ата-энесинин биргелешип жазган арызы болбосо, же атасынын ким экендиги тууралу соттун чечими жок болсо, баланын атасынын фамилиясы туулгандыгын жазуу китебине энесинин фамилиясы боюнча жазылат, баланын аты жана атасынын аты жана улуту энесинин көрсөтмөсү боюнча жазылат.

4. Никеде турган жана жасалма жол менен уруктандыруу же эмбрион салуу усулун (анын ичинде башка аялга) колдонууга жазуу жүзүндө макулдук берген адамдар ушул усулду колдонуунун натыйжасында бала төрөлгөн учурда, жарандык абалдын актыларын жазуу китебине анын ата-энеси деп жазылат.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)