49-статья. Нике келишимин түзгөндө, өзгөрткөндө жана бузганда кредиторлордун укуктарынын кепилдиктери


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

III БӨЛҮМ ЖУБАЙЛАРДЫН УКУКТАРЫ МЕНЕН МИЛДЕТТЕРИ›10-Глава Жубайлардын милдеттенмелер боюнча жоопкерчилиги

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 49-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.

1. Жубай өз кредиторун (кредиторлорун) нике келишимин түзгөндүгү, өзгөрткөндүгү же бузгандыгы жөнүндө кабардар кылууга милдеттүү. Бул милдетти аткарбаганда жубай нике келишиминин мазмунуна карабастан өз милдеттенмелери боюнча жооп берет.

2. Карыз болгон жубайдын кредитору (кредиторлору) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген тартипте олуттуу өзгөрүлгөн жагдайларга байланыштуу экөөнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарына өзгөртүү киргизүүнү же бузууну талап кылууга укуктуу.