40-статья. Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүргөндө үлүштөрүн аныктоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
III БӨЛҮМ ЖУБАЙЛАРДЫН УКУКТАРЫ МЕНЕН МИЛДЕТТЕРИ›7-Глава Жубайлардын мүлкүнүн мыйзамдуу режими
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 40-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.
1. Эгерде жубайлардын ортосундагы келишимде башкасы каралбаса, жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүргөндө жана бул мүлктөгү үлүштөрүн аныктаганда жубайлардын үлүшү тең деп таанылат.
2. Сот жашы жетпеген балдардын кызыкчылыгынан жана (же) жубайлардын биринин көңүл бурууга арзый турган кызыкчылыгынан улам, атап айтканда, эгерде экинчи жубайы жүйөлүү себепсиз киреше албаган, баланы (балдарды) багууга катышуудан баш тарткан, жалпы мүлктү жашырган, жок кылган же бүлүндүргөн, же үйбүлөнүн кызыкчылыгына залал келтирүү менен чыгымдаган учурларда, алардын жалпы мүлкүндөгү жубайлардын үлүштөрүнүн баштапкы текчилигинен чегинүүгө укуктуу.
3. Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүргөндө жубайлардын жалпы карызы пропорционалдуу чегерилген алардын үлүштөрүнө жараша жубайлардын ортосунда бөлүштүрүлөт.
(КР 2020-жылдын 17-августундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)