33-статья. Жубайлардын фамилия тандап алуу укугу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

III БӨЛҮМ ЖУБАЙЛАРДЫН УКУКТАРЫ МЕНЕН МИЛДЕТТЕРИ›6-Глава Жубайлардын жеке укуктары менен милдеттери

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 33-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.

1. Жубайлар никеге турганда өз каалоосу боюнча биринин фамилиясын жалпы фамилия катары тандап алышат, болбосо жубайлардын ар бири никеге чейинки өздөрүнүн фамилияларын сактап калышат, же өзүнүн фамилиясына жубайынын фамилиясын кошуп алат.

Эгерде жубайлардын биринин никеге чейинки фамилиясы кош фамилия болсо, фамилияларды бириктирүүгө жол берилбейт.

2. Бир жубайынын фамилиясынын өзгөрүлүшү экинчи жубайынын фамилиясынын өзгөрүлүшүнө алып келбейт.

3. Нике бузулган учурда жубайлар жалпы фамилиясын сактап калууга же өзүнүн никеге чейинки фамилиясын калыбына келтирүүгө укуктуу.