171-статья. Бойго жеткен балдардын жана үйбүлөнүн башка мүчөлөрүнүн алименттик милдеттенмелери
01.06.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
17.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 171-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.
Ата-эненин пайдасына бойго жеткен балдардын алименттик милдеттенмелери, ошондой эле үйбүлөнүн башка мүчөлөрүнүн алименттик милдеттенмелери алар чогуу жашап жаткан аймактагы мамлекеттин мыйзамдары менен аныкталат. Чогуу жашабай калганда мындай милдеттенме алимент алууга катышы бар адам жараны болуп саналган мамлекеттин мыйзамдары менен аныкталат.