163-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында никеге туруу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

VII БӨЛҮМ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАРДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫГЫ ЖОК АДАМДАРДЫН КАТЫШУУСУ МЕНЕН ҮЙБҮЛӨ МАМИЛЕЛЕРИНЕ КАРАТА ҮЙБҮЛӨ МЫЙЗАМДАРЫН КОЛДОНУУ

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 163-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.

1. Кыргыз Республикасынын аймагында никеге туруунун формасы менен тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында никеге туруунун шарттары никеге турууга тоскоол болуучу жагдайларга карата, ушул Кодекстин 15-статьясынын талаптарын сактоо менен никеге туруучу ар бир адам үчүн никеге туруу учурунда жараны болуп саналган адамдын өз мамлекетинин мыйзамдары менен аныкталат.

3. Бир нече чет мамлекеттин жарандыгы бар адамга ошол адамдын тандап алуусу менен ошол мамлекеттердин бирөөсүнүн мыйзамдары колдонулат.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында жарандыгы жок адамдын никеге туруу шарты, ал адам туруктуу жашап жаткан жериндеги мамлекеттин мыйзамы менен аныкталат.