16-статья. Никеге туруучу адамдарды медициналык жактан текшерүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

II БӨЛҮМ НИКЕГЕ ТУРУУ ЖАНА ТОКТОТУУ›3-Глава Никеге туруунун шарттары жана тартиби

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 16-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.

1. Никеге туруучу адамдарды медициналык жактан текшерүү, ошондой эле медициналык-генетикалык маселелер, үйбүлөнү пландаштыруу маселелери боюнча консультацияларды берүү никеге туруучулардын макулдугу менен гана алардын жашаган жериндеги саламаттык сактоо мекемелери тарабынан акысыз жүргүзүлөт.

2. Никеге туруучу адамды текшерүүнүн натыйжалары медициналык жашыруун сырды түзөт жана ал никеге турууга ниеттенген адамга медициналык текшерүүдөн өткөн адамдын макулдугу менен гана айтылышы мүмкүн.

3. Эгерде никеге туруп жаткан адамдардын бири экинчисинен венерикалык оорусу же ВИЧ-инфекциясы менен ооруй турганын жашырса, кийинкиси никени жараксыз деп табуу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу (ушул Кодекстин 28-31-статьялары).