14-статья. Нике курагы
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
II БӨЛҮМ НИКЕГЕ ТУРУУ ЖАНА ТОКТОТУУ›3-Глава Никеге туруунун шарттары жана тартиби
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 14-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.
1. Нике курагы он сегиз жаш деп белгиленет.
2. Жүйөлүү себептер болгондо никеге турууну каалаган адамдардын жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары бул адамдардын өтүнүчү боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн комиссиялык корутундусунун негизинде эркектер жана аялдар үчүн нике курагын бир жылдан ашырбастан төмөндөтүүгө укуктуу.
3. Нике курагы жөнүндө ушул Кодекстин талаптарын бузууда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
(КР 2005-жылдын 20-июнундагы № 80, 2011-жылдын 26-июлундагы № 147, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 179 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)