124-статья. Сот белгилеген алименттин өлчөмүн өзгөртүү жана алимент төлөөдөн бошотуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
V БӨЛҮМ ҮЙБҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮНҮН АЛИМЕНТТИК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ›18-Глава Алимент төлөөнүн жана өндүртүп алуунун тартиби
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 124-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.
1. Эгерде алимент төлөө жөнүндө макулдашууга келалбай, сот тартибинде алименттин өлчөмү белгиленгенден кийин тараптардын бирөөсүнүн материалдык же үйбүлөлүк абалы өзгөрүлсө, сот тараптардын кайсынысынын талабы боюнча болбосун, алименттин белгиленген өлчөмүн өзгөртүүгө же алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын талабы боюнча аны төлөөдөн бошотууга укуктуу. Алименттин өлчөмүн өзгөрткөндө же аны төлөөдөн бошоткондо сот ошондой эле тараптардын көңүл буруусуна арзыган башка кызыкчылыктарды да эске алууга укуктуу.
2. Эгерде бойго жеткен аракетке жөндөмдүү адамдын алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамга карата билип туруп кылмыш жасагандыгы аныкталса же үйбүлөдө адепсиз жүрүм-турумун көрсөтсө, сот бойго жеткен аракетке жөндөмдүү адамга алимент өндүртүүдөн баш тартууга укуктуу.