102-статья. Өгөй атасы менен өгөй энесин багуу боюнча өгөй уулунун жана өгөй кызынын милдеттери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
V БӨЛҮМ ҮЙБҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮНҮН АЛИМЕНТТИК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ›16-Глава Үйбүлөнүн башка мүчөлөрүнүн алименттик милдеттенмелери
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 102-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.
1. Эгерде алар өздөрүнүн бойго жеткен эмгекке жөндөмдүү балдарынан же жубайынан (мурдагы жубайынан) жардам алалбаса, өзүнүн өгөй уулун же өгөй кызын тарбиялаган жана баккан, жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз өгөй ата менен өгөй эне сот тартибинде бул үчүн тиешелүү каражаттары бар эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен өгөй уулунан же өгөй кызынан жардам алууну талап кылууга укуктуу.
2. Эгерде өгөй ата менен өгөй эне өгөй уулу менен өгөй кызын беш жылдан азыраак тарбиялап жана бакса, ошондой эле өгөй уулу менен өгөй кызына тийиштүү тарбия берип, багуу жагынан өздөрүнүн милдеттерин аткарышпаса, сот өгөй атаны же өгөй энени багуу милдетинен өгөй уулун жана өгөй кызын бошотууга укуктуу.