100-статья. Неберелердин чоң ата, чоң эне, таята, таянесин багуу милдеттери
01.06.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
17.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
V БӨЛҮМ ҮЙБҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮНҮН АЛИМЕНТТИК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ›16-Глава Үйбүлөнүн башка мүчөлөрүнүн алименттик милдеттенмелери
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 100-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.
Жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз чоң ата, чоң эне, таята, таяненин өзүнүн бойго жеткен жана эмгекке жөндөмдүү балдарынан же жубайынан (мурдагы жубайынан) жардам алууга мүмкүн болбой калган учурда, сот тартибинде бул үчүн жетиштүү каражаттары бар эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен өзүнүн неберелеринен алимент талап кылууга укуктуу.