9-статья. Жарандардын жашаган жери жана турган жери боюнча катталуу милдеттери


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

16.06.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

II глава

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясы, 16.06.2026 редакциясы.

Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте мамлекеттин жарандардын өздөрүнүн укуктары менен эркиндиктерин ишке ашырышы, аларды башка жарандардын, мамлекеттин жана коомдун алдындагы милдеттерин аткарышы үчүн зарыл шарттарды камсыз кылышы, ошондой эле ички жер которууну жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жана турган жери боюнча катталууга милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)