12-статья. Ички жер которуучуларга көмөк көрсөтүү
04.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
16.06.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясы, 16.06.2026 редакциясы.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, мамлекеттик башкаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, тийиштүү социалдык мекемелер жана юридикалык жактар эмгектенүүсүн же окуусун жүзөгө ашырууга байланыштуу экономикалык себептер боюнча жашаган же турган жерин өзгөрткөн ички жер которуучулар үчүн мүмкүн болгон көмөктөрүн көрсөтүшөт, ошондой эле жаңы жашаган же турган жеринде зарыл болгон жашоо шарттарын түзүшөт.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)