2-берене. Улуттук банктын укуктук статусу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

1-глава. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 2-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Улуттук (Борбордук) банк Кыргыз Республикасынын банкы (Кыргызстан Банкы, Кыргыз Банкы) болуп саналат жана анын менчигинде турат.

2. Улуттук банк өз ишин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырган жана пайда алуу максатын көздөбөгөн өз алдынча уюштуруу-укуктук формасына ээ юридикалык жак - «Кыргыз Республикасынын Борбордук банкы» болуп саналат.

3. Улуттук банктын жайгашкан жери болуп Бишкек шаары саналат. Улуттук банк юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) түзүүгө жана Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары өз өкүлдөрүн дайындоого укуктуу.

4. Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы жазылган мөөрү бар.

5. Улуттук банк юридикалык жак катары өз милдеттенмелери боюнча өзүнө таандык болгон бардык мүлкү менен жоопкерчилик тартат.

6. Улуттук банк өздүк, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу.