1-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын жөнгө салуу предмети


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

1-глава. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 1-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) укуктук статусун, максаттарын жана иш тартибин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, ошондой эле көз карандысыздыгынын кепилдиктерин аныктайт.

2. Ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген учурларды кошпогондо, башка мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган жана ушул конституциялык Мыйзамдын жөнгө салуу предметине тиешелүү ченемдер ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келүүгө тийиш, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзам менен башка ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизиялар пайда болгон учурда ушул конституциялык Мыйзамдын ченемдери колдонулат.

3. Ушул конституциялык Мыйзамдын ченемдери “Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 138 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)