25-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруудан баш тартуунун негиздери


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

18.03.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

3-глава

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-статьясы, 18.03.2025 редакциясы.

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууга төмөнкүдөй учурларда жол берилбейт:

1) эгерде Кыргыз Республикасынын жаранынын мамлекеттин алдында аткарылбаган милдеттенмелери же Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык же жеке жактардын кызыкчылыктары менен байланышкан мүлктүк милдеттенмелери болсо;

2) эгерде Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши боюнча айыпталуучу катары тартылса же ага карата мыйзамдуу күчүнө кирген жана аткарууга тийиш болгон соттун айыптоочу өкүмү болсо;

3) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыктарына карама-каршы келген учурда.

(КР 2025-жылдын 18-мартындагы № 59 Мыйзамынын редакциясына ылайык)