23-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуунун негиздери
04.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
18.03.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясы, 18.03.2025 редакциясы.
Кыргыз Республикасынын жарандыгы төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;
2) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
3) ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда каралган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган башка негиздерде.
(КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)