19-статья. Камкордукка же көзөмөлдүккө алынган баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгын сактап калуусу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

18.03.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

2-глава

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-статьясы, 18.03.2025 редакциясы.

Эгерде баланын Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган ата-энеси же ата-энесинин бирөөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкса же аны жоготсо жана ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан камкордукка же көзөмөлдүккө алынган баланы тарбиялоого катышпаса, бала Кыргыз Республикасынын жарандыгын сактап калат.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)