9-берене. Аманаттардын сакталышы жана кайра кайтарылышы
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›2-глава. Банктык жана төлөм кызматтарын көрсөтүүгө, маалыматтарды ачууга карата негизги талаптар. Кардарлардын укуктары жана кызыкчылыктары
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.
1. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар банк эсептеринде турган акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылууга жана ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын кодекстеринде жана мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, аманатчылардын биринчи талабы боюнча аларды кайтарып берүүгө милдеттүү.
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда банк эсептен акча каражаттарын уурдоого багытталган алдамчылык аракеттерине шектенүүлөр болгондо банктык эсеп боюнча чыгаша операцияларын 30 күнгө чейинки мөөнөткө токтотуп турууга укуктуу. Банк себептерин көрсөтүү менен кардарга эсеп боюнча операциялар токтотулгандыгы жөнүндө токтоосуз кабарлоого милдеттүү.
2. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар аманатчылар үчүн Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралбаган кандайдыр бир чектөөлөрдү белгилөөгө укуксуз.
3. Банктык эсептер жана аманаттар менен иштөө тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.
(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)