141-берене. Банкты мажбурлап жоюу жөнүндө өндүрүштү аяктоо жөнүндө соттун аныктамасы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

08.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

VII БӨЛҮМ. БАНКТАРДЫ ЖОЮУ›18-глава. Банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө иштер боюнча соттогу өндүрүш

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 141-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.

1. Сот жоюучунун корутунду отчету бекитилген учурда, банкты мажбурлап жоюу өндүрүшүн аяктоо жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Жоюучунун корутунду отчету сот тарабынан бекитилбеген учурда, банкты мажбурлап жоюу аяктаган катары эсептелиши мүмкүн эмес.

3. Соттун банкты мажбурлап жоюуну аяктоо жөнүндө аныктамасы банкты юридикалык жак катары мамлекеттик реестрден алып салуу үчүн негиз болуп саналат.