140-берене. Банкты мажбурлап жоюу жөнүндө өндүрүштүн алкагында арыздарды кароо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

08.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

VII БӨЛҮМ. БАНКТАРДЫ ЖОЮУ›18-глава. Банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө иштер боюнча соттогу өндүрүш

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 140-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.

Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосунун жүрүшүндө ушул Мыйзамда белгиленген талаптардын бузулганы жөнүндө жоюучунун жана Улуттук банктын арыздары сот тарабынан банкты мажбурлап жоюу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн алкагында, мындай арыздарды алган күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен каралат.