135-берене. Ишти маңызы боюнча кароонун мөөнөтү
20.09.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
08.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
VII БӨЛҮМ. БАНКТАРДЫ ЖОЮУ›18-глава. Банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө иштер боюнча соттогу өндүрүш
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 135-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.
Улуттук банктын мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө арызын кароонун натыйжалары боюнча чечим сот тарабынан иштин өндүрүшкө кабыл алынганы жөнүндө аныктама чыгарылган күндөн тартып беш календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө чыгарылууга тийиш. Өзгөчө учурларда көрсөтүлгөн мөөнөт соттун жүйөлөнгөн аныктамасы боюнча, бирок беш календардык күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.