134-берене. Арызды кайра кайтаруу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

08.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

VII БӨЛҮМ. БАНКТАРДЫ ЖОЮУ›18-глава. Банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө иштер боюнча соттогу өндүрүш

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 134-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.

1. Сот арызды төмөнкү учурларда гана кайра кайтарат:

1) эгерде арызды ушул Мыйзамда белгиленген жол-жоболоштурууга карата талаптар сакталбаса;

2) эгерде арызды өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарылганга чейин арыз берүүчү арыздан баш тартса.

2. Судья арызды кайтарып берүү жөнүндө эки күндүк мөөнөттө аныктама чыгарат жана аны чыгарган учурдан кийинки күндөн кечиктирбестен ишке катышкан жактарга жөнөтөт.

3. Арызды кайтарып берүү жол берилген бузууларды четтетүүдөн кийин аны менен сотко экинчи жолу кайрылууга тоскоолдук кылбайт.