102-берене. Сотко чейинки даттануунун тартиби жана мөөнөттөрү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

08.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

VI БӨЛҮМ. УЛУТТУК БАНКТЫН ЧЕЧИМДЕРИНЕ СОТКО ЧЕЙИНКИ ДАТТАНУУ ЖАНА СОТКО ДАТТАНУУ›14-глава. Улуттук банктын чечимдерин сотко чейин даттануу жана сотко даттануу

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 102-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.

1. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейин даттануу милдеттүү болуп саналат. Улуттук банктын Башкармасынын сотко даттанылуучу чечимдерин жана "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каралуучу чечимдерин кошпогондо, Улуттук банктын бардык чечимдерине сотко чейинки даттанууга болот.

2. Сотко чейинки даттануу Улуттук банктын чечиминин колдонулушун токтото тура албайт.

3. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейин даттануу Улуттук банктын тиешелүү чечимин алган күндөн тартып жыйырма жумуш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

4. Улуттук банк даттануу келип түшкөн күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө даттануунун маңызы боюнча карайт. Улуттук банк даттанууну кароо мөөнөтүн отуз календардык күнгө бир жолу узартууга укуктуу.

5. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.

(КР 2025-жылдын 27-январындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)