101-берене. Кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды жүзөгө ашырууда Улуттук банктын башка кызыкдар жактар менен өз ара аракеттенүүсү
20.09.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
08.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
V БӨЛҮМ. БАНКТЫ ФИНАНСЫЛЫК ЖАКТАН ЧЫҢДОО. УБАКТЫЛУУ АДМИНИСТРАЦИЯ ЖАНА КАЙРА ТҮЗҮМДӨШТҮРҮҮ›13-глава. Банкты кайра түзүмдөштүрүү
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 101-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.
1. Улуттук банк банктарды кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды жүзөгө ашырган учурларга карата, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана башка кызыкдар органдар менен макулдашылган иш-чаралардын планы болууга тийиш.
2. Улуттук банк банктык топко карата көзөмөлдөө иш-чараларын жүзөгө ашыруу боюнча чет өлкөлүк ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттенет.