99-берене. Токой чарбачылык фонду
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
IX БӨЛҮМ ТОКОЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫН КАРЖЫЛОО, ЖОГОТУУЛАРДЫН ЖАНА ЧЫГАШАЛАРДЫН ОРДУН ТОЛТУРУУ›21-Глава Токой чарбачылыгын каржылык-экономикалык жактан камсыздоо
Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 99-беренеси, 07.02.2024 редакциясы.
Токой чарбачылык фонду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кирешелердин бюджеттен тышкары булактарынан каржыланат.
Фонддун каражаттары токой чарбачылыгын өнүктүрүүгө, токой экосистемаларын жана токойдун биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого, токой чарбачылыгы жаатында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө пайдаланылат.
Токой чарбачылык фонду жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)