94-берене. Токой талаштарын чечүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
VIII БӨЛҮМ ТОКОЙ ТАЛАШТАРЫН ЧЕЧҮҮ ЖАНА ТОКОЙ МЫЙЗАМДАРЫН БУЗГАНДЫК ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК›20-Глава Токой талаштарын чечүү жана токой мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 94-беренеси, 07.02.2024 редакциясы.
Юридикалык жактардын жана жарандардын ортосундагы токойлорду коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана пайдалануу жагындагы талаштар, сот тарабынан чечилет.
Токой чарбасын башкаруучу малекеттик органдар, токой мыйзамын бузуулар боюнча иштер соттордо каралганда мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат.
Мамлекеттер ортосундагы токой талаштары тараптардын макулдащуусунда аныкталган тартипте чечилет.
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)