92-берене. Токой өстүрүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
VII БӨЛҮМ ТОКОЙЛОРДУ ЖАҢЫРТЫП ӨСТҮРҮҮ›19-Глава Токойлорду жаңыртып өстүрүү
Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 92-беренеси, 07.02.2024 редакциясы.
Кыргыз Республикасынын аймагынын токойлуулугун көбөйтүү, эрозия процесстеринин алдын алуу жана экологиялык кырдаалды жакшыртуу максатында мамлекеттик токой фондунун токой өспөгөн жерлеринде жана башка жерлерде токойлорду өстүрүү жүргүзүлөт.
Токойлорду өстүрүү боюнча жумуштар белгиленген тартипте бекитиле турган атайын программалар жана долбоорлор боюнча ишке ашырылат жана токой чарбачылыгын башкаруучу органдарга жүктөлөт.
Токойлуулукту көбөйтүү, дарыялардын, көлмөлөрдүн жээктерин токойлоштуруу үчүн жана башка зарыл болгон учурларда мамлекеттик токой фондунун жерлеринин курамына башка категориядагы жерлер, баарыдан мурда айыл чарбасында пайдаланууга жараксыз жерлер (жарлар, коолор, кумдак жана башка жерлер), ошондой эле дарак жана башка бадал өсүмдүктөрү өскөн запастагы жерлер которулушу мүмкүн. Башка категориядагы жерлерди токой фондусунун жерлеринин курамына которуу Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)