88-берене. Мамлекеттик токой фонду жөнүндө маалымат
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
VI БӨЛҮМ МАМЛЕКЕТТИК ТОКОЙ ФОНДУНА БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮ, АНЫН ЭСЕБИН АЛУУ, ТОКОЙ КАДАСТРЫ ЖАНА ТОКОЙЛОРДУ КҮТҮҮ, ТОКОЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫН ПЛАНДАШТЫРУУ›17-Глава Мамлекеттик токой фондуна байкоо жүргүзүү, анын эсебин алуу, токой кадастры жана токойлорду күтүү
Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 88-беренеси, 07.02.2024 редакциясы.
Мамлекеттик токой фонду жөнүндө маалымат мамлекеттик мамлекеттик токой фондунун эсебин алуунун маалыматтарын, мамлекеттик кадастрдын, токой мониторингинин, токой күтүүнүн маалыматтарын жана токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын же ага баш ийген уюмдардын, өз иш милдеттерин аткарууда алынган башка маалыматтарын камтыйт.
Мамлекеттик токой фонду жөнүндө маалыматтык материал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчиги болуп саналат жана жарандар менен юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген шарттарда жана тартипте берилет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)