81-берене. Мамлекеттик токой фондуна кирбеген тигилген дарактарды коргоо, сактоо жана иш-аракеттери токойлордун абалына жана аларды жаңыртып өстүрүүгө таасир этүүчү уюмдардын жана жарандардын милдеттери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
V БӨЛҮМ МАМЛЕКЕТТИК ТОКОЙ ФОНДУН КОРГОО ЖАНА САКТОО›16-Глава Мамлекеттик токой фондун коргоо жана сактоо
Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 81-беренеси, 07.02.2024 редакциясы.
Мамлекеттик токой фондуна кирбеген тигилген дарактарды коргоону жана сактоону алар өскөн жерлердин менчик ээлери жана ал жерлерди пайдалануучулар, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар камсыз кылат.
Токойлордун абалына жана жаңыртылып өстүрүлүшүнө иш-аракеттери таасир этүүчү уюмдар жана жарандар, токой чарбасын башкаруучу мамлекеттик органдарга тигилген дарактарды коргоонун жана сактоонун абалы жөнүндө үзгүлтүксүз кабарлап турууга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар жана жаратылышты коргоо органдары менен макулдашып, токойлорду коргоого жана сактоого багытталган технологиялык, санитардык жана башка иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү болушат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)