8-берене. Токой фондусунун жерлери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
I БӨЛҮМ ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›2-Глава КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТОКОЙЛОРУ
Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 8-беренеси, 07.02.2024 редакциясы.
Мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлор - өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлор.
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токойлору үчүн коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленет.
Жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлор изилденүүгө жана эсепке алынууга, корголууга, сакталууга, жаңыртып өстүрүлүүгө, пайдаланылууга, токой ресурстарынын пайдаланылышы контролдонууга тийиш.
Жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлор үчүн коргоо жана пайдалануу режими токойлордун корголуу категориясына жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленет.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)